www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кордайда бензин Бишкекке караганда 20 сомго арзан. Эмне үчүн баада мынчалык чоң айырма бар?», - деп суроо салды депутат Акылбек Кемелов бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Монополияга каршы мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбай Тайлаковго кайрылып.
Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин жетекчиси чындыгында эле Казакстанда баалар Кыргызстанга салыштырмалуу арзан экенин билдирди.
«2025-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында мунай продуктулары рыногу боюнча бирдиктүү саясат күчүнө кирет. Ага чейин бул маселени сүйлөшүү жана келишимдерди түзүү жолу менен гана чечүүгө болот», - деди ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда индикативдик баланс жок, келишимдер да жок.
«Бирок Министрлер кабинети бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат. Бирок Казакстанда экспорттук алым бар экенин эске алышыбыз керек. Ушуну эске алып, ал жактан бензин ташып келсек, баалар дагы кымбат болот», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg