www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК: Кол санактын протоколдору жалпы системага киргизилди

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды колго саноонун протоколдору жалпы системага киргизилип бүттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Кол санакка ылайык, парламенттик шайлоодогу жараксыз бюллетендердин саны 3 926га кыскарган.

Бир мандаттуу округдардагы кол санак 2-декабрда бүткөн.

БШК шайлоо жыйынтыгы мыйзамда каралган негизде чыгарыларын билдирди. Буга чейин шайлоо жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыялана турганы айтылган.

Эске сала кетсек, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өттү. Бул ирет Жогорку Кеңеште 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости