www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино актёр, акын, журналист, ырчы-аткаруучу, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру Нуркан Турсунбаев менен бир чай кайнам убакытта баарлаштык.

-  Сиз театрда 50 жылдан ашуун эмгектенип, ар кыл амплуадагы жүздөгөн ролдорду аткарып келгениңизди эл билет. Ал эми кино искусствосу сиз үчүн … 

- Мен үчүн театр жана кино искусствосу кесибим болгондуктан, экѳѳнү бѳлүп карай албайм. Аздыр-кѳптүр ондон ашык фильмге тартылдым.  1966-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы жогорку кѳркѳм окуу жайын театр жана кино актеру адистиги боюнча карындашым, кыргыз театр жана кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева экѳѳбүз ийгиликтүү аяктап келип, эмгек жолубузду Кыргыз драма театрында бирге баштаган элек. Мен ушул күндѳ да театра эле эмгектенип келем. Мен театрда иштеген ишиме байланыштуу кино жаатында кѳбүрѳѳк ѳксүп калдым.

Себеби, 30 жылдан ашык театрдын гастролдук бригадасын жетектеп калдым. Жакшы эле кино пробадан ѳтѳм деле, анан эле гастролго жиберишет. Ошентип, ѳзүм ойнойм деген кѳптѳгѳн ролдордон калып кеттим. Кино жаатындагы эң алгачкы каарманым - бул 1960-жылы «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу кѳркѳм фильмде өздүк кѳркѳм чыгармачылык кружоктун активдүү катышуучусу болду, Таттыкем бул фильмде башкы каарман Салиманы аткарган. Андан кийин эле кыргыздын эң алгачкы толук метраждуу кѳркѳм фильми «Жородо» башкы каармандын бири командир Мусаны аткардым.

– Мыкты ыр обончунун жүзү тура…                                                                                                        

- Мыкты чыгарма жаралыш үчүн обонго мыкты сѳз керек! Ырдын сѳзү менен обону айкалышканда гана мыкты чыгарма жаралды десек болот. Мен үчүн ырдын сѳзү чоң мааниге ээ. Ырдын сѳзү жагып калса, кѳчүрүп алып, жаныма салып алып, толгонуп жүрѳ берем. Толгоо жеткенде 10 мүнөткө жетип - жетпей обон жаралып калат, кайра оңдобойм.

Ошентип, беш жүздөн ашык обондуу ырларымды жараттым. Ошонун эки жүздѳн ашууну ырдалып жүрѳт. Эң алгачкы обонумду 13 жашымда Абдыкалый Молдокматовдун «Энеме» аттуу ырына апакем Калыйбүбүнүн туулган күнүнѳ арнап чыгаргам. Обончулук чыгармачылыгыма 66 жыл болду.

Чыгармаларымдын эң алгачкы аткаруучусу Таттыкем эле.  Кѳзүнүн тирүүсүндѳ 180ден ашуун ырымды жатка ырдап калды. Ырларымдын аткаруучулары Болот Миңжылкиев баш болгон алтын үндүү ырчылар экенине сыймыктанам. Мыкты чыгарманы кѳкѳлѳтѳ аткарып зоболоткон да аткаруучу, жок кыла турган да аткаруучу. Ошондуктан, ырдын тагдыры аткаруучудан кѳз каранды.                                                                                                                                                

- Чыныгы профессионалдар роль тандабайт дешет. Канткен менен сиз үчүн арман болуп калган ролдоруңуз жок эместир…

- Биздин учурда буйрук менен берилген ролду аткарууга милдеттүү элек. Албетте, арман болуп калган ролдорум бар, мисалы, Р.Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасовунда» Жапалак Жатпасов, А.Чекировдун «Куйручугунда» Куйручук, В.Шекспирдин «Король Лиринде» Эдгар, «Кремль куранттарында» Дзержинский, Гогольдун «Ревизорунда» Хлестаков, М.Байжиевдин «Байыркы  жомогунда»  Карахан ж.б.                                                                     

-  Бардык каармандарыңыз ѳзүңүзгѳ жакын экени талашсыз. Кантсе да жүрѳгүңүзгѳ жакыны бардыр…

 - Театрда мени “эпизоддун королу” деп айтып калышаар эле. Чоң ролдорго караганда, эпизоддук ролду элге жеткирүү татаалыраак деп айтылат. Ошондуктан чоң ролго катарлаш мага эпизоддук роль кѳп тиер эле. Ар бир каармандарым орду өзгөчө.  Мага баары бирдей.

- Нуркан ага, кыялды ишке ашыруучу каражат – тажрыйбадан ѳткѳн устат жок, бирок, ага тѳлѳнчү акы кымбат дешет. Тажрыйбага үзѳңгүлѳш мезгилди да устат катары кошсок болобу?                                                                                                                                                       

- Албетте, тажрыйба мезгил менен топтолот. Мезгил менен ѳмүрүбүз ѳтүп жатканын кээде  этибар албайт экенбиз.  Кымбаттыгы ушунда тура. Ал эми тажрыйба нукура устат.                     

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости