www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Кыргызстанга басып киришине эл аралык террористтик уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов маалымат жыйынында билдирди.
"16-17-сентябрдагы окуялар Кыргызстанда аскерлер жана күчтөр бар экенин жана алар татыктуу жооп бере аларын көрсөттү. Биздин бүтүндөй жаңы тарыхыбызда коңшу тараптын мындай масштабдуу чабуулу болгон эмес. Тажикстандын Куралдуу күчтөрү жана аскерлер бүт чек ара сызыгы боюнча бир эле учурда Баткен жана Лейлек ыкчам аймактарына кирди. Жана булар кадимки эле аскерлер эмес экенин эске алышыбыз керек.
Ал жерде деструктивдүү күчтөр, эл аралык террористтик уюмдардын бөлүктөрү катышканы тууралуу фото, видеолор бизде бар. Согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн стили, жоокерлерге жасалган ырайымсыз мамиле жана кесилген баштар муну тастыктап турат», - деди министр.
Булак: NazarNews.kg