www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы эмдөө апрель айында башталат

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү апрель айында баштоону пландап жатат, деп билдирди саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-мартта АКИпресс агенттигине.

Жарандар Россиянын «Спутник V» же Кытайдын вакцинасы менен эмделет. Кыргызстанда «Спутник V» вакцинасы расмий катталып, Кытай 150 миң дозаны бекер берүүнү убада кылган.

«Бүгүнкү күндө жеткирүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул маселе жакында чечилет. Азырынча «COVAX» программасы аркылуу «AstraZeneca» вакцинасын жеткирүүнү убактылуу токтоттук. Бул укуктук маселелерге жана документтерге байланыштуу. Бул биз вакцинадан баш тарттык дегенди билдирбейт», - деп кошумчалады министр.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри 10-февралда «Биринчи радионун» эфиринде билдиргендей, февралдын аягында «COVAX» программасынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы алынып келмек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости