www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын пост-советтик туңгуч президенти болгон, учурда “Армян улуттук конгрессин” жетектеген Левон Тер-Петросян азыркы премьер-министр Никол Пашинянды “улуттук кызыкчыктардын таламында” токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.

Тер-Петросян Пашинян өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек, ага парламент тарабынан “кол тийбестиктин укуктук кепилдиги” берилиши зарыл жана ал өлкөдөн жок дегенде убактылуу чыгып кетиши абзел деди.

Оппозициячыл лидер, мурдагы президент Левон Тер-Петросян. Ереван. 2015-жылдын 1-марты.

Интернеттеги Ilur.am жаңылыктар барагында жарыяланган макаласында 76 жаштагы мурдагы президент Тер-Петросян эгер ушул кадамдар жасала турган болсо, анда кайсы бир бейтарап вице-премьер премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп, кезексиз парламенттик шайлоону уюштурууда бейтараптуулукту сакташы керек деп билдирген.

Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн салгылашууда жеңилүү ызасын тарткандан кийин, оппозиция Пашиняндын дароо кызматтан кетишин талап кылууда.

Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык жыйындарды өткөрүп келет.

Пашинян кызматтан кетүүдөн баш тартууда, бирок белгилүү бир шарттарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону кабыл алууга макул экендигине ишаара кылды.

Тер-Петросян өлкөдө 1991–98-жылдары президент болгон. Демек, анын бийлигинин тушунда армян аскерлери Азербайжандын ичкерисиндеги айрым аймактарга көзөмөл кылып калган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости