www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы 11-мартта Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бекиевдин 10-апрелге чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Атайын кызмат 10-февралда Бекиевди мыйзамсыз финансылык иштерге шектүү катары кармаган. “Муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы уюмдарына насыяга берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен жеке максаттарына жумшаганы аныкталды” деп билдирген.

Ошол эле күнү муфтий Максатбек Токтомушев да бул ишке шектүү катары кармалган. 11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Максатбек Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон. Токтомушев өзүнө айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости