www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ал жашыруун маалымат»: Садыр Жапаров эмне тууралуу айтты?

 Эгерде Кыргызстан Эксимбанкка болгон карызды убагында төлөбөсө, өлкөнүн айрым объекттери Кытайга өтүп кетиши мүмкүн, деп билдирди президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

- Учурда өлкөнүн экономикалык абалы абдан алсыз болуп, элдин турмушунда кыйынчылыктар сезилип жатат. Сиз президенттик башкаруу аркылуу экономиканын жоопкерчилигин дагы мойнуңузга алууга камынып жатасыз. Өкмөт экономиканы кантип жолго коюп, элдин жашоо-турмушун оңдойт?

- Экономикадагы кыйынчылыктар бүгүн эле жарала калган жок. Акыркы 30 жылдан бери 5 млрд карызыбыз жыйналды. Ошону төлөй турган мезгил — бүгүнкү күндөн баштап 2032-жылга чейин, эгерде 10 жыл иштей турган болсом, менин мойнума түшүп калганы жатат. Ал карыздар өзүн актай турган долбоорлорго салынган эмес. Карыздарды алып, бул жерге мындай кылабыз, электр тармагын реконструкция кылабыз, билим берүү тармагына муну кылабыз деп туруп, бирок 70-80 пайызын жеп койгон учурлар болгон. Мисалы сырттан карыз алганда, грант аласыңбы же насыя аласыңбы, 40 жылга ала турган болсоң, өзүн 20 жылда актай турган долбоорлорго жумшаш керек болчу. Бизде андай болгон эмес.

Кечээ Өзбекстанга барганда уялдым. Өндүрүш тармагын көрүп чыгып, абдан уялдым. Биз тиш чукугуч чыгарган фабрика салбаптырбыз. Алар болсо самолет чыгарып жатат.

Бирок биз программаларды иштеп чыктык. Жакын арада буюрса өзүбүздүн чоң-чоң пландарыбыз иштей баштайт. Экономикалык кризистен чыгабыз. Тышкы карызды дагы убак-убагы менен төлөгөнгө мүмкүнчүлүктөрдү табабыз.

Ал эми кымбатчылык бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө дагы болуп жатат.

- Тышкы карыздын 40 пайызга жакыны кытай банкына кайтаралып берилчү акчалар. Сиз жакында эле карызды убагында кайтара албай калсак, көптөгөн объекттерден айрылып калабыз деген тынчсызданууңузду билдиргенсиз. Ошол карыз үчүн күрөөгө коюлган объекттердин саны канча жана алар кайсылар?

- Мисалы сиз үйүңүздү коюп, банктан насыя алдыңыз дейли, анан банк менен келишим түзөсүз, эгерде төлөй албай же пайызын кечиктирип же бир күн өтүп кетсе, банк үйүңүздү алып алат. Сырткы карыздар дагы так эле ошондой. Мамлекеттер келишим түзөт, төлөй албай калсаң же кечиктирсең, бул долбоорду мен алам дейт, мисалы, ЖЭБ, Түндүк—Түштүк жолу, Датка-Кемин дегендер. Ошолорго алганбыз да ушунун баарын. Эгерде убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын дагы алганга укуктары бар. Бул жерде мурдагы бийлик келишимге ошондой деп кол коюп койгон экен. Келишимди жумшагыраак түзсө болмок. Бирок биз убак-убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик, булагын таптык. Ары жак, бери жактан кылып жатып төлөдүк. Эми быйылкысын деле жылдын аягына чейин жеңил төлөп кетебиз, өзүбүздүн ишенимдүү булактарыбыз бар.

- Карыз төлөөнүн планы бар деп айтып келе жатасыз, ошол план менен бөлүшө кетесизби, бир-эки кадамы менен мисалы. Кайсы негизги кадамдар жөнүндө сөз болуп жатат?

- Азырынча айта албайм аны. Ал өзүбүздүн жашыруун маалыматыбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости