www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы министрлигинин административдик эсебине 24-марттын саат 23:46 мүнөт убактысына карата 17 млн 912 миң 417сом 71 тыйын түшкөн. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматында айтылды.

Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп жана ага түшкөн акчалар тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Мындан улам алар эсептин суммасын жана анын коротула электигин айтууну туура көргөн.

"Азырынча жогорудагы сумманын бир сому дагы коротула элек. Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, комиссия түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет", - деп билдирди Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости