www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-мартта КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын катышуусунда коронавирус боюнча онлайн пресс-конференция өттү.
Анын айтымында 25-марттын саат 9:00гө карата коронавирусту жуктуруунун жаңы учуру катталбаган жана 1949-жылы туулган илдетке чалдыккан эркек бейтап жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат.
"Кечээ 2 миң 14 жаран обсервацияда болсо, бүгүнкү күнгө карата 585 жаран обсервацияда жатат. Үй карантинине жиберилгендер сиздерге түшүндүрүлгөн эрежелерди сакташыңыздар керек. Конок чакырбашыңыздар керек.
Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ кечинде өзгөчө абал боюнча түзүлгөн штаб менен байланышты. Жумушка, кайра жумуштан үйгө жеткиргенге транспорт менен камсыздоо маселеси каралууда. Азыркы учурда медициналык кызматкерлердин тизмесин такталып жатат. Тизмеге ылайык, бул маселе каралат", - деди Айнура Акматова.
Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 42 учуру аныкталган, алардын ичинен:
⚡ Ош облусунда – 20 учур,
⚡ Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
⚡ Бишкек ш. – 2 учур,
⚡ Баткен облусунда – 1 учур.
Булак: NazarNews.kg