www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцинанын баасы канча?

Америкалык «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцинанын баасы Евробиримдигиндеги өлкөлөр үчүн бир дозасынын баасы 15,5 еврону (18,34 доллар) түзөт, деп билдирди «Reuters» маалымат агенттиги.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лайен мурда сатып алууну пландап жаткан 300 миллион доза вакцинанын баасы 4,6 миллиард еврону түзөт деп эсептейт агенттик.

Ал эми Европа комиссиясынын өкүлү вакциналардын баалары жана келишимдин шарттары жөнүндө «Reuters» агенттигине маалымат берүүдөн баш тартып, алар купуялуу бойдон калышы керек экендигин билдирди. «BioNTech» ишканасы да маалымат берүүдөн баш тартты. «Pfizer» Евробиримдикке кирген өлкөлөргө жөнөтүүлөрдүн баасын эсептөө үчүн жүктөрдүн көлөмүнө жана мөөнөттөрүнө негизделген татаал формуланы колдонгонун айтты. Бирок ишкана вакцинанын баасы жөнүндө сөз кылган жок.

Вакцинанын баасын «Pfizer» жана Германиянын «BioNTech» компаниясы ачыктаган жок. «BioNTech» ишканасынын стратегия бөлүмүнүн башчысы Райан Ричардсон, «Pfizer» менен биргеликте чыгып жаткан коронавируска каршы вакцина бардык адамдарга жеткиликтүү болушу үчүн арзан баада сатыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости