www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы коюлгандан бери карай бул жаатта иштердин күчөгөнү маалым. Үлкөн кызматтарды ээлеп келген чиновниктер биринин артынан бири коррупцияга шектелип кармала баштады.
Мисалы, жакында эле Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашов да коррупция боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалганы маалым болду.
УКМКнын маалыматы боюнча, республикабыздын мамлекеттик бюджетинен «Интеррустрейд» ЖЧКсы жана «Полларис» ЖЧКларынын пайдасына НДСти мыйзамсыз төлөп берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында К. Кумашов кармалган.
Эске сала кетсек, буга чейин УКМК кызматкерлери 217 миллион сомдон ашуун бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү жана уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын жүргүзүлгөн операцияда жасалма документтерди жана чет элдик жалган фирмалардын мөөрлөрүн табышкан. Анын негизинде коррупциялык схеманын катышуучулары кармалган, бир катар салык жана бажы структураларынын кызматкерлеринин кабинеттери, жеке компаниялардын «Дордой» ТРКсынын складдары тинтүүгө алынган.
Албетте, мына ушундай кылмыш иштери эгерде мамлекет башчысынын катуу талабы болбогондо ачыкка чыгышы күмөн болчу.
Булак: NazarNews.kg