www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын силкинүүсү Кыргызстандын тургундарына да сезилди. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирет.
Маалыматка ылайык, сейсмикалык активдүүлүк 24-июнда саат 22:07де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында, Марказ айылынан 7 чакырым, Кара-Дөбө айылынан түндүк-батышты көздөй 14 чакырым, Фергана шаарынан түштүк-батышты көздөй 14 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 82 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында — Марказ жана Кара-Дөбө айылдарында жер титирөөнүн күчү ушул эле 4 баллга жакын болду.