www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүр өтөлгөсүндөгү өнөр

Кыргыздын сыймыктуу уулу, көрүнүктүү диктордо талант, эмгек жана жөндөм жуурулуша келет. Кадырман калкыбыздын жүрɵгүнɵн түнɵк тапкан коңур үнү чейрек кылымга жакын теледе жаңырганына эли күбɵ…

Эсимде бала кезде телевизордун жанынан чыкпай “Арноо концертин” калтырбай көрчүмүн. Мына ошол телеберүүнү ого бетер көркүн чыгарып Бактыбек ага алып барганын тааныганымда, ал таланттын чеберчилигине таӊ калып, дилимде агайга болгон өзгөчө сый калган эле.

Мына бүгүн диктордук өнөрдө кадыр-баркы бар Бактыбек аганы жакындан көрүү, билүү насиби буйруп, бала кездеги тилек орундалды. Эмесе, каарманым менен курган маегибиз да сизди кайдыгер калтырбай, кызыктуу болору чындык, окурманым. 

- Искусствонун кайсы тармагы болбосун профессионалдуулук манилүү роль ойнойт эмеспи. Өмүрүңүздү телеге арнап келесиз…

- Туура. Союз учурунда окууга тапшыруу өтө кыйынчылыкка турган. Жыл сайын экзаменден өтпөй калып жатып, өжөрлүгүмдүн күчүнөнбү бешинчи жылга келгенде студент болдум. Улуттук университеттин филология факультетинде абдан тырышып окудум.

Үчүнчү курста үйлөнүп алып, окуум менен үй-бүлөмдүн жүгүн мойнума алдым. Ата-энемдин колун карабайын деп жумуш издеп жүрсөм телевидениеден конкурс жарыяланып калды. Негизи биринчи курсумда эле телеге аралашып калгам. Кийин конкурстагы тандоодон өтүп, ошондон бери азыркыга чейин бир орунда иштеп келе жатамын. Ошентип билинбей эле быйыл 48  жылдын жүзү болуптур.

- Сиз баалаган дикторлорду билгим келди…

- Мен дикторлук кесипке бала кезимден эле кызыгуум бар болчу. Ал убакта радиолорду дубалга илип коё турган. Анын жанына барып кыргыз радио уктурууларды берилип тыңшачумун.

Бир күнү КРнын эл артисти, көп кырдуу талант Дооронбек Садырбаев «Алга» футбол командасынын чабуулчусу, өзбек улутундагы жигит футболист Юсуф Мусаев жөнүндө «Мукадас» новелласын окуп жатыптыр. Докемдин уккулуктуу үнү кимди болбосун өзүнө тартат го. Ошондон улам, мен чоңойгондо диктор болом деп өзүмө-өзүм сөз бергем…

Жогоруда Докемди ар тараптуу талант деп баса белгилеп кетпедимби. Дооронбек аганын кинорежиссёрлук өнөрүн дагы өзгөчө баалаймын. «Махабат дастаны» тасмасында не деген кыргыздын залкар актёр, актрисалар аткарбады дейсиң. Раймалынын ырын уникалдуу талант, төкмө акын, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев ырдаган. Мен ошондо ал Манас айтканда уга билүү маданиятын Эстекем аркылуу түшүнгөм.

- “Арноо концертин” алып барган Гүлшан Молдоева экөөңүздөр тек гана “кызматтагы жуптар” экениңиздерди көпчүлүк биле бербесе керек...

- Айрымдар Гүлшан экөөбүздү түгөйлөр деп ойлошот. Гүлшандын үй-бүлөсү бөлөк. Жамила аттуу сулууну жактырып калып, студент кезимден баш кошконума 48 жылдай болуп калды. Балдар, небере, чөбөрөлөр менен бакубат турмушта бирге өмүр сүрүп келебиз.

- Бактыбек ага, искусствонун бардык тармагындагы өнөрлүүлөр бир заманда жоон топ болуп чыга келишпеди беле. Ошол учурду заманыбыздын залкарлары «алтын доор» деп да атап жүрүшөт. Ошолордун катарында болуу сиз үчүн даы зор бакыттыр…

-Албетте! Сиз атап өткөндөй, бир доордун талант даарыган кыргыздары болуп жатпайбы. Эмне үчүн? Искусствонун бардык тармактарында кандай залкарлар чогулбады дейсиң?

Аттигиниң…Мейли опера же балеттинби, мейли кино же театрданбы, мейли сүрөт же адабият айдыңындабы деги койчу кыргызымдын кыраан уулдары, улуулукту туу туткан кыйын кыздары жашап өтүптүр.

Кээде отуруп, өз доорумдун замандаштарын сагынам. Кандай гана корифейлер, сыйкыр кистинин сүрөткерлери, алп акын-жазуучулар, кыргыз жыттанган ырларды созолонткон кеменгер аткаруучулар, орошон ойду камтыган обончулардын көпчүлүгү билими жок эле тубаса талант эгедерлери эле.

Ал эми азырчы?! Азыр заман башка, коом такыр башка.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости