www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боордош Казакстан республикасында болуп жаткан окуялар эч кимди кайдыгер калтыра албайт. Тынчтык жана бейпилдик тезирээк келсин.

Эми парламенттин жыйынын өткөрөбүз деп жатышат, мени эч ким расмий чакырган жок.

30 жылдык тарыхта биринчи жолу биздин аскерлерди башка мамлекетке айрым маселелерди чечүү үчүн жөнөтүү маселеси көтөрүлүүдө. Эмне айтуу керек? Мен бул кадамга категоралдык каршымын.

Мен ЖККУга мүчөлүктүн маанисин жана бул биримдиктин алдындагы милдеттенмелерди түшүнгөндөй, эгерде ЖККУнун тигил же бул мүчөсүнө тышкы коркунуч жаралса, аскерлер тартылышы мүмкүн.

Мен сессияга катышпагандыктан, менин колдоочу добушум да болбойт.

Мен Фейсбуктагы кээ бир досторумдан суранам - аларга чыгууну талап кылбагыла, түшүндүрүп бергиле же мага басым жасоого аракет кылбагыла - менин позициям түшүнүктүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости