www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ички иштер министрлиги мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Орусия Федерациясынын Президенти тарабынан киргизилген тиешелүү убактылуу чаралардын мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктаган.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта мыйзамсыз иштегендиги үчүн айып пулдан тышкары (беш миң рублга чейин) Орусиядан чыгаруу жана чет элдиктерге кирүүгө тыюу салуу чаралары көрүлөт.

Ошол эле учурда мыйзам бузган иш берүүчүлөргө ар бир мыйзамсыз эмгек мигранты үчүн 800 миң рублга чейин айып пул салынат. Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги Орусияда иштөө үчүн документтери жок чет элдиктерге алдын ала ички иштер органдарына кайрылууну сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости