www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актауда жүргөн "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 6-январда демонстрация уланганын кабарлады. Анын айтымында, чогулгандар президент Касым-Жомарт Токаевдин ЖККУ аскерлерин чакырганына нааразылык билдирип жатат.

"Орусиядан аскер келет" деп кооптонгон кишилер аба майданына бара турган жолго баррикада куруп алган. Бирок, атышуу, талап-тоноо болгон эмес. Учурда шаардагы негизги аянтта беш миңдей киши жыйналып турат.

Жаңы-Өзөндө дагы демонстранттар аянттан кеткен эмес. Аймакта жүргөн orda.kz порталынын кабарчысы болжол менен 6-7 миң киши бар экенин айтты. Бүгүн, 6-январда түшкө жуук демонстранттарга шаар акими менен Маңгыстау облусунун прокурорунун орун басары барып, мамлекеттик катчы Эрлан Кариндин “эч ким куугунтукка алынбайт” деген сөзүн жеткирди. Тургундар интернетти калыбына келтирүүнү талап кылышты.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг Казакстандын ондон ашык шаарына жайылды. Бул акциялардагы социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алган, имарат өрттөлдү.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. Актөбөдө митингчилер өздөрүн "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, социалдык начар абалга жана кымбатчылыкка нааразылык иретинде акцияга чыгышканын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости