www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмү сот-укуктук реформаны мониторингдөө боюнча эксперттик жумушчу топ (ЭЖТ) менен бирге өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Сот-укуктук реформанын маанилүү мидеттеринин бири болуп саналган Бузуулар жөнүндө кодекстин жана Бузуулардын бирдиктүү реестринин (ББР), бузуулардын бирдиктүү статистикасын түзүүнү ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эксперттик жумушчу топ менен ИИМ эксперттери тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри менен «Коопсуз шаар» долбоорун мониторингдөөгө байланыштуу ИИМ менен Бузуулардын бирдиктүү реестри боюнча туруктуу диалог аянтчасын уюштуруунун кайтарым байланыш механизмин түзүү жаатында чечим кабыл алынды.
Мындан сырткары, «Коопсуз шаардын» жана жер-жерлерде чыр-чатактардын жана мыйзам бузуулардын алдын алуунун, болтурбоонун бир бөлүгү сыяктуу эле бүт коомчулукка жайылтуучу пайдалуу коомдук долбоор болуп эсептелинет.
Ага 70тей маморгандар жана бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышып, иш жүзүндө элдин жана мамлекеттин турмушундагы дээрлик бардык чөйрөлөрү камтылат.
Бузуулардын бирдиктүү реестри — бул мамлекеттин укуктук саясатынын бөлүгү, майда кылмыштуулук менен күрөшүү, эл жашаган жерлерде күн сайын укуктун жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотуу, жарандарды мыйзам бузуулардан коргоо, жол коопсуздугу.
Булак: NazarNews.kg