www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети илим жана медицина жаатындагы кыргыз-индиялык өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган КР Өкмөтү менен ИР Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биомедицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштери жаатындагы кызматташтык меморандуму боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул келишим Кыргызстан менен Индиянын ортосунда илим, медицина, бийик тоолуу шарттагы көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү жаатындагы кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. «Келишимдин алкагында адам баласынын бийик тоолуу шартта жашоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алар боюнча атайын усулдар иштелип чыгат. Бизде изилдөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар бар», - деди ал.

Келишимге ылайык, илимий изилдөөлөр КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКТБ КР ССМ) менен Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун (DRDO) базасында түзүлгөн Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору (УКТБ КР ССМ) тарабынан ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Саламыттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, эки тараптуу келишимдин алкагында Индия тарап 5 жыл аралыгында бул долбоорго 857 миң доллар инвестиция салат, анын ичинде жаңы жабдууларга – 300 миң доллар, чыгымдалчу материалдарга 350 миң доллар, Төө-Ашуудагы илимий станцияны кармоого жана Сөөк-Ашууда жаңы станцияны курууга – 200 миң доллар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости