www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык борбору “Ош” жана “Аламүдүн” базарларындагы бир катар павильондорду, соода түйүндөрүн, “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасынын аймагын, №5 мончосун коронавируска каршы дезинфекциядан өткөрдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ошондой эле “Дордой транс” менен “Совет бригада” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун транспорттору да дезинфекцияланды.
Аталган борбордун адистери Бишкектеги “Айчүрөк”, “Автордук мектеп”, “Рефал” жана №71 мектептин окуучулары менен, Ленин районундагы мечиттердин имамдары жана “Имам Сарахсий” медресесинин тарбиялануучулары менен вирустардын алдын алуу боюнча баарлашууларды уюштурушту.
Март айынын башынан бери мындай түшүндүрүү иштери супермаркеттерде, кафе-ресторандарда, тамактануучу жана башка жайларда да өтүп жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус оорусу дүйнө жүзү боюнча 90 миңдей адамга жугуп, 3 миңге жакын адам каза тапты. Ошондой эле 44 миңдей адам айыкты. Мындан сырткары 65 өлкөгө да тараган.
Булак: NazarNews.kg