www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Бишкек шаарынын курулуш компанияларынын жетекчилеринин жана КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасын, санитардык жана башка ченемдердин талаптарын камсыз кылуу жана  сактоо маселеси боюнча кеңешме уюштуруп өткөрүдү.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш иштери өсүп – социалдык чөйрөдө, өнөр жай жана энергетика тармактарында ж.б. объекттер курулуп жатат.

Бирок, акыркы 3 жылда курулуш иштеринин жүрүшүндө кырсыктардын көбөйүшү байкалууда: 2022 - жылы курулуш аянтчаларында бийиктиктен кулоо боюнча 11 факт катталса, 2023 - жылы 73, 2024 - жылы 172, 2025-жылдын 3 айында 30дан ашык факт катталган.

Мындай тенденцияда коопсуздук талаптарын сактоо өтө актуалдуу жана төмөнкү себептерден улам алардын сакталышын камсыз кылуу өтө маанилүү:
1. Өмүрдү жана ден-соолукту сактоо: курулуш учурунда эң кооптуу- бийиктиктен кулап түшүү, токко урунуу жана шаймандардын жаракат алуу ж.б.
2. Экономикалык жоготууларды азайтуу: коопсуздук талаптарын бузуу, жумуштун токтоп калуусуна, айып пулга, жабыр тарткандардын ордун толтурууга жана аброюна зыян келтирет.
3. Өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу: коопсуз чөйрө жумушчуларды шыктандырат, жаракаттан улам иштин токтоп калуусун азайтат жана иштин сапатын жакшыртат.
4. Юридикалык жоопкерчилик: талаптарды бузуу административдик же кылмыш кесепеттерине алып келет.
5. Экологиялык жана коомдук коопсуздук: материалдарды же техниканы туура эмес колдонуу айлана-чөйрөгө же жашоочуларга зыян келтириши мүмкүн.

Буга байланыштуу курулуш бизнесинин өкүлдөрүнө эмгек коопсуздугунун шарттарын сапаттуу түзүү жана курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын  сактоону камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар жеткирилди.

Мындан тышкары, иш берүүчү тарабынан коопсуздуктун бардык белгиленген талаптары сакталган шартта да, терс кесепеттерге алып келген окуя кырсык катары бааланышы мүмкүн жана каралат. Ал эми кичине болсо да эреже бузуу аныкталган учурда, күнөөлүү адамдарга карата кылмыш жоопкерчилигинин эң катуу чаралары колдонулат.

Жыйындын жүрүшүндө жооптуу адамдар үчүн коопсуздук талаптарын тийиштүү негизде камсыз кылуу жана сактоо боюнча кеңешме өткөрүлдү. Кеңешменин бардык катышуучулары көйгөйлүү жана талкууланган маселелерге оң көз карашта болушуп, коопсуздукту камсыз кылуу жана адам өмүрүн сактоо боюнча бардык милдеттенмелерди өздөрүнө алышты.

Последние новости