www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран А.у.А. милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. 2025-жылдын 10-майында болжол менен саат 23:00 чамасында, ал өзүнө караштуу «Хонда-Акорд» үлгүсүндѳгү автоунаасы менен Бишкек шаарынын Киев көчөсү менен кетип бара жатканда, артынан кызматтык автоунаа менен милиция кызматкерлери кууп келип токтотушкан. Милиция кызматкерлери айып токтотуучу жайга унааны киргизебиз деп коркутуп, 15000 сомду опузалап талап кылышкан. Жаран аргасыздан электрондук капчыгы аркылуу 12 миң сомдон ашык акча каражатын милиция кызматкерлеринин бирине которгон.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө опузалап пара алган милиция кызматкерлеринин өздүгү такталган. Алар Бишкек ШИИББнын МКККнын полкунун милиционери, милициянын кенже сержанты У.у.Т. жана Бишкек ШИИББнын МККБнын полкунун кенже тескөөчүсү, милициянын кенже сержанты Ш. А. экендиги аныкталган.
Жогорудагы милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.