www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК жана Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу жана сатуу факты боюнча Кыргыз Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК басма-сөз кызматы билдирди. 

Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости