www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Согуштун кесепетинен доллар өз үстөмдүгүн жоготобу?

Орусиянын SWIFT системасынан толугу менен чыгарылышы канчалык создуктурулса, доллардын үстөмдүгү ошончолук солгундай берет. Мындай пикирин Япониядагы финансылык ири мекемелердин бири болгон "Мизухо" банкынын башкы экономисти Дайсуке Каракаманын пикирине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, Эл аралык валюта фонду март айынын аягында эл аралык валюта резервинин түзүмү тууралуу берген маалыматында, доллардын көлөмү маал-маалы менен минимумга түшүп кетип жатканын көрүүгө болот.

"Доллардан баш тартуу аракети көптөн бери келе жаткан тенденция, бирок Украина кризисинен улам ал мындан дагы күчөп кетиши мүмкүн. Орусиянын SWIFT системасынан толугу менен чыгарылышы канчалык создуктурулса, доллардын үстөмдүгү ошончолук солгундай берет. Орусия SWIFT системасынан ажыраган соң Кытайдан ушул сыяктуу эле CIPS төлөм системасына кошулуп алышы ыктымал. Анда доллар гегемониясына биротоло жарака кетет", — деди Каракама.

SWIFT системасынан чыгып калуу Орусияга алгач ыңгайсыздыктарды жаратканы менен бара-бара ал буга дагы ыңгайлашып, АКШ санкциясынан заарканып турган бардык тараптарга жардам бериши мүмкүн. Учурда Американын санкцияларынан чочулаган эң ири мамлекет Кытай. Анткени анын валюталык резервинин көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 3,2 триллиону доллар менен сакталып турат.

Жалпысынан акыркы 20 жылдын ичинде доллардын валюталык резервдердеги үлүшү болжол менен 12 пунктуга төмөндөп, 71 пайыздан 59 пайызга түшкөн. Бошогон орундун басымдуу бөлүгүн юань толуктаган.

Экономисттин айтымында, акыркы чейрек кылымдагы валюталык резервди башкаруу тенденциясы доллардан арылып, тез өнүгүп келе жаткан, ресурстарга бай мамлекеттердин валюталарына өтүү болгондугу ачык эле көрүнүп турат.

"Албетте, доллар үстөмдүк кылган эл аралык валюта системасы бир күндө олуттуу өзгөрүшү мүмкүн эмес. Бирок Орусиянын SWIFT системасынан чыгарылышы долларсыз келечекке жол салып койду", — деди адис.

Белгилей кетсек, SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзгөн операциялар тууралуу маалымат камтылган система. Европа биримдиги жакында андан Орусиянын бир топ банктарын чыгарып салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости