www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРдин Президенти С.Н.Жапаровго Мыйзамсыз камакта отурган А.Бекназаров кезектеги Ачык кайрылуу катын жолдоду.
Төмөндө текст толугу менен:
Урматтуу Президент!
1. Кемпир-Абад маселеси боюнча өз ой, пикирин ачык билдирип, 2022-жылдын 22-октябрында “CASA Italia” кафесинде тынч чогулуш өткөрүшкөнү үчүн эле, жапырт камакка алынышкан Кемпир-Абадчылардын мыйзамсыз камакта отурушканына 1 (бир) жыл болууда.
Кылмыш иштин мыйзамсыз козголгону, тергелгени, азыр дагы судья М.Сыдыков тарабынан сот адилеттигинин принциптери одоно бузулуп жатканын кыргыз коомчулугу эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү билет.
Ток этер жерин айтканда, Кемпир-Абадчылар менен мамлекеттик бийликтин тиреши бир жылдан бери токтобой, бул тирешүүдөн Кыргызстан, анын мамлекеттик имиджине, саясий стабилдүүлүгүнө, элдин ынтымагына кандайдыр бир деңгээлде зыян келтирүүдө.
Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, ал үчүн күрөшүү, аймактык маселени чечүүгө ыйгарым укуктуу президент менен Жогорку Кеңешке таасир берүү, ал маселени талкуулоого катышуу ар-бир Кыргызстандын атуулунун Конституциялык укугу жана ыйык милдети деп эсептейм.
Биз Кемпир-Абад маселесин талкууласак, урматтуу Президент – сиз, УКМКнын төрагасы К.Ташиев экөөңөр өзүңөр Парламентте, Өзгөндө, Өкмөттө элди топтоп талкуулап жүргөн мезгилде талкууладык. Мисалы, сиздер 20-октябрда Өкмөт үйүндө чогулуш өткөрсөңөр, биз 22-октябрда “CASA Italia” кафесинде өткөрдүк. Эки чогулушту салыштырып көрсөк, сиздердин чогулушта Ташиев тарабынан мыйзам бузуу, коркутуу, сөгүнүү сөздөр болгон. Биздин чогулушта болсо “Каткенде Президентке, Жогорку Кеңешке таасир берип, Кемпир-Абадды сактап калабыз” деген гана ой-пикирлер айтылган. Салыштырып көрүңүз! Аудио, видео жазуулар бар!
Ошол күндөн ушул күнгө чейин К.Ташиев мамлекеттик машинанын күчү менен “Кемпир-Абад” – деп сүйлөп койгондорду, аны менен макул болбой сындап койгондорго мыйзамсыз аңдуу, тыңшоо, угууларды уюштуруп, куугунтуктап жүрөт. Айрымдар менен көзмө-көз сүйлөшүп, Кемпир-Абад боюнча үн катпоо убадасын алган, болбосо кылмыш иш менен коркуткан.
Мындай мыйзамсыз аңдуулардын айрым эпизоддору эмнегедир биздин кылмыш иштерге тиркелип калган.
Азыркы жер-жерлердеги нааразычылык жыйын, митингдерге моратория жарыялоо демилгеси да Ташиевдин акылы менен болуп жатат.
Урматтуу Президент, мораторияны үй-бүлөлүк башкарууга, Ташиевдин өзүм билемдигине, мыйзамсыз куугунтуктоолорго, баалардын кескин көтөрүлүшүнө, коррупцияга жарыяласаңар туура болмок!
Тынч чогулуш, митингдерге, сөз эркиндигине чектөөлөр киргизилгенде адамдардын табыгий көтөрүлүшкө чыгуу укугу пайда болчу эле.
Нааразы болуп митингге чыгып жаткан элге баруу керек. Алар менен сүйлөшүү, арыз, муңун чечиш керек. Мораторий, куугунтуктоо, атып өлтүрүү, мыйзамсыз камоо, соттоо, коркутуу менен эч нерсе чечилбейт.
2. Ошентип биз мыйзамсыз камалганыбызга байланыштуу тынч митинг же курултай өткөрүп, Жогорку Кеңеш менен президентке таасир берип, Кемпир-Абадды сактап калалбадык.
Кемпир-Абадды сактап калалбаганыбыз үчүн келечек муундарыбыздын алдында өзүбүздү күнөөлүү сезебиз!
Өзбектерге берилчү Кемпир-Абад де-юре, де-факто эч кандай тоскоолдуксуз берилди. Ташиев максатына жетти.
Ушундан кийин Кемпир-Абад маселеси боюнча саясат токтоп, саясий өңүттөн козголгон кылмыш иштер, саясий сүйлөшүү жолу менен бүтүрүлүшү керек болчу деп эсептейм.
Биз ал тууралуу өз сунушубузду сизге жана Ташиевге расмий да, расмий эмес да жолдор менен бир нече жолу билдирдик.
Бирок сиздер саясий жолдун ордуна, бизди өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары, бүткүл машинанын күчү менен мыйзамсыз соттотуу жолун тандадыңар. Айланаңызда жүрүшкөн чиновниктериңизге хор менен бизди “төңкөрүшчүлөр”, “бийликти күч менен басып алуучулар”, “далилдер жетиштүү” – деп ырдатып жатасыз. Иштин ичинде “жетиштүү” эмес, бир дагы далил жок. “Солдаттарыңыз” сизди алдап жүрүшөт.
Ишенбесеңиз Конституция, мыйзамдарга ылайык, эл алдында ачык сот өткөрүүгө жардам бериңиз, ошондо эле баары ачыкка чыгат!
“Солдаттарыңыз” судья М.Сыдыковдун колу менен мыйзамсыз жабык сот өткөрүп, ал соттук отурумга бизди катыштырбай, бизди сыртыбыздан соттоп жибергиси келип жатат.
Ал эми биз болсо судьядан Конституция менен мыйзамдарда аныкталган ачык сот отурумун өткөрүүнү, сот адилеттигинин принциптерин бузбоону талап кылып жатабыз.
Урматтуу Президент! Тажырыйбалуу саясатчы жана юрист катары эсиңизге салам:
- Эгемендик доорунда оппозицияга каршы жасалма токулган бардык саясий иштер, кийин оңдоп кайра каралган;
- Убагында Ташиев экөөңөр башчылык кылган, Ак-Үйдүн заборунан аша секиришкен “Чынгызхандардын” кылмыш иштери деле оңдоп каралды.
Аларга салыштырмалуу ар кошкон 27 Кемпир-Абадылардын бир жолку тынч чогулушуусу кечпеген жомок!
Мунун баарын өзүңүз деле жакшы түшүнүп турасыз. Анан эмне үчүн өзүңүз баштаган ишти өзүңүз тынч бүтүрбөй, тарыхка калтырып жатасыз?!
Колу кан, ууру, соттолгон, саткын, коррупционер, качып издөөдө жүргөн мурдагы президенттер менен жолугуп, “бир муштумга” бириге алган саясий эркиңиз, чыныгы мекенчилдерге келгенде эмне үчүн иштебей жатат?!
3. Урматтуу Президент!
Биздин Кемпир-Абадчылардын үстүнөн жасалма, мыйзамсыз козголгон, тергелген кылмыш иштин ичиндеги айрым жол берилгис мыйзам бузуучулуктарды көрсөткүм келди:
1) КР КЖПКнын 62-жана 69-беренелеринде көрсөтүлгөн тергөөчүгө четтетүү билдирүү укугумду пайдаланып, бүтүндөй ИИМдин тергөөчүлөрүнө жана тергөөчү У.Жапековго 2022-жылдын 23-октябрында четтетүү (отвод) келтиргем. Четтетүүнү Башкы прокурор К.Зулушевдин атына 3 (үч) жолу жазуу түрүндө билдирдим. Мыйзам боюнча үч сутканын ичинде карала турган четтетүү ушул күнгө чейин каралып, мага жообу билдирилген жок.
2) Мага 2023-жылдын 26-апрелинде акыркы жолу айыбым угузулган. Айыптоо токтомдун көчүрмөсүн ушул күнгө чейин алалбай келем.
3) КР КЖПКнын 126-беренесине ылайык, Биринчи май райоундук сотуна 2023-жылдын 8-январында прокурордун аракетсиздигине (четтетүүнү чечпегени үчүн), 2023-жылдын 13-январында тергөөчү У.Жапековдун айрым аракеттерин мыйзамсыз деп табуу үчүн Бишкек шаардык сотуна 2023-жылдын 19-февралында апелляциялык даттанууларды келтирдим.
Тергөө судьялары Т.Турдукулов менен О.Бекенов Бишкек шаардык сотунун судьялары А.Момуналиев, Н.Кожомбердиев, Н.Илиязовалар менин датанууларымды, мени СИЗОдон алдырбай “Бекназаров сотко келбей койду” – деп менсиз, адвокатымсыз бир тараптуу сот отурумун өткөрүп чечим чыгарышкан.
4) Тергөө аяктаганда жарыялаган (2023-ж.26.05) 54 томдук кылмыш иш сотко келип түшкөндө (2023-ж. 15.06) 63 том болуп калган.
Кемпир-Абадчыларды кылмыш иштин толук материалдары менен тергөөчү да, судья да толук тааныштырган жок.
Бул КР КЖПКнын 253-жана 281-беренелерин одоно бузгандык болуп эсептелет.
5) Судья М.Сыдыков КР Конституциясынын 100-беренесин, КЖПКнын 291-беренесин одоно бузуп, соттук териштирүүнү эмне себептен жабык соттук отурумда өтө тургандыгы боюнча жүйөөлөштүрүлгөн токтом чыгарбай “өзүм билем” – деп, 2023-жылдын 4-октябрында СИЗОдо камакта отурган он бир (11) айыпталуучуну сотко чакыртпай сот отурумун баштаган.
КР Конституциясынын 100-беренесинин жана КР КЖПКнын бир нече беренелерин одоно бузуп, соттук териштирүүнү айыпталуучуларсыз баштаган эч нерсе менен актанууга (актоого) жатпайт.
Мындай жорук айыпталуучуларды сыртынан соттогонго тете көрүнүш.
Судьялар Т.Турдукуловдун, О.Бекеновдун, А.Момуналиевдин, Н.Кожомбердиевдин, Н.Илиязованын, М.Сыдыковдун соттук отурумду айыпталуучуларсыз өткөрүшкөн жосундары, сот адилеттигиндеги 21-кылымдын жапайычылыгы катары бааланат.
Жогоруда көрсөтүлгөн прокурор, тергөөчү, судьялардын кетирип жаткан мыйзамсыз өзүм билемдиктери, албетте, аларга мыйзамсыз куратордук кылышкан, президенттин же 2-президент Ташиевдин сабатсыз өкүлдөрү тарабынан берилген көрсөтмө-буйруктары менен болуп жатканын эч ким талашпайт.
Бирок, эртеби-кечпи азыр өзүм билемдик менен жүргүзүлүп жаткан Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши кайра каралганда, мыйзамсыз буйрук бергендер эле эмес, аны аткаргандардын маселеси сөзсүз кошо караларын эскертким келди.
Мыйзамсыз камакта отурган А.Бекназаров.
СИЗО-21, 12.10.2023-жыл.
Булак: NazarNews.kg