www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнүктүү өзбек жадитчи, айдың Мунаввар Карынын социалдык тармактын колдонуучусу Сабырбек Бөрүбаев мындан толук жүз жыл мурда айтканын жазып чыкты. 

Көрүнүктүү өзбек жадитчи, айдың Мунаввар Кары мындан толук жүз жыл мурда, 1923-жылы жарык көргөн Түркистан гезитинде мындай деген экен:

"Бул убакытка чейин Европа калкы асманга учуп атыптыр. А бизде болсо чач-сакал темасы күн тартибинде. Европалыктар деңиздин астында сүзүп жүрөт, биз болсо узун-кыска кийим жөнүндө жаңжалдашып тытышыр атабыз. Европадагы шаарлардын баарында электр аркылуу жарык берилип жылытылат экен. Бизде мектепте дагы деле география сабагында жаратылыш-табият окутуш керекпи же окутпаш керекпи деп бөлүнүп-жарылып олтурабыз... Буга окшогон маселелер уланууда…"

Мунаввар Карынын дагы бир сөзү учурда талкууланып жаткан депутаттын окуясы тууралуу төмөндөгүдөй айткан экен:

"Бул жаш жигиттерибиз улуттун келечеги үчүн жанын аябагандай кызмат кылыш керек эле. Тескерисинче бул алп арстан эр-азаматтарыбыз элдин кызыкчылыгын унутуп, күч-кубатын чайкана, бар-пивоканага жумшап жатканы наадандыктын белгиси эмеспи".

2017-жылы 17 мартта Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кызы Lola Tillyaeva Мунаввар Карыны төмөндөгүчө эскерген.

Жадитчи – 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында иштеп, агартуучулукка негизделген реформалардын идеяларын жайылткан коомдук-саясий кыймыл. Жаш агартуучулардан турган бул кыймыл Борбордук Азиядагы салттуу билим берүү системасын түп-тамырынан бери реформалоону, коомдун турмушуна социалдык жана маданий өзгөрүүлөрдү ишке ашырууну, улуттук эгемендүүлүк идеяларын ишке ашырууну көздөйт. Ошондой эле жадидчилер түрк тилдерин жана адабиятын өнүктүрүүгө, светтик илимдерди үйрөнүүгө, илимдин жетишкендиктерин натыйжалуу пайдаланууга, аялдардын тең укуктуулугуна көмөктөшкөн. Мен бул постту ушул кыймылдын чоң өкүлдөрүнүн бири Мунаввар Кары Абдурашидхановдун (1878-1931) жаркын элесине арнагым келет.

Мунаввар Кары 1878-жылы Ташкенттин Дархан конушунда мударристердин үй-бүлөсүндө туулган. Алгач Ташкенттеги медреседе, андан соң Бухарадагы атактуу Мир Араб медресесинде окуган.

Коомдун өнүгүшүндө илим менен билимдин ролу чоң деп эсептеген жана европанын билим берүү усулдарынан шыктанган Мунаввар Кары 1902-жылы үйүндө жаңы усул мектебин ача алган. Диний билим менен эле чектелбестен, илимдин түрдүү тармактары боюнча сабактарды уюштурат. Кийин Ташкенттин дагы бир нече райондорунда мындай мектептерди уюштурган. Ошондой эле бир катар мектеп китептеринин автору болуп, китеп сатуу менен алектенип, жеке басмакананы жетектеген. Басмачылык кызматында “Хуршид” гезитин негиздеп, “Нажот”, “Кенгаш” гезиттеринин башкы редактору, ошол кездеги жергиликтүү басылмалардын бири болгон “Садои Түркстан” гезитинин редактору болуп иштеген.

Мунаввар Кары коомду өнүктүрүүнүн критерийлеринин бири катары театрга өзгөчө маани берген. Ал сахна искусствосун актуалдуу социалдык маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруунун, адамдардын дүйнө таанымын өзгөртүүнүн каражаты деп эсептеген. Консервативдик күчтөрдүн каршылыгына жана тоскоолдуктарына карабастан, Мунаввар Кары Орто Азияда заманбап театрдын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

1920-жылдары Мунаввар Кары улуттук эгемендүүлүк идеяларын жайылткан «Миллий Иттихад» жана «Миллий Истиклал» уюмдарын жетектеген. Тилекке каршы, 1931-жылы камакка алынып, өлүм жазасына тартылган.

Өзбек агартуусунун залкар ишмерлеринин бири Мунаввар Карынын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдөөгө Советтер Союзу учурунда – 60 жылга тыюу салынган. Өзбекстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин гана жалпы коомчулук улуу агартуучуну таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, - деп эскерген Lola Tillyaeva.

Эске сала кетсек, Мунаввар Кары Абдурашидхонов падышанын колониялык саясатын, совет түзүлүшүн аёосуз ашкерелеген, мекенине, улутуна берилген талыкпаган күрөшчү, саясатчы, агартуучу 20-кылымдын башындагы улуттук ойгонууга зор салым кошкон.

Мунаввар Кары 1878-жылы Ташкентте туулган. 1931-жылы 23-майда Москвада атылган.

Последние новости