www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда оор жүк ташуучу унаадан буюмдар уурдалды. Шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. 

16-мартта Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Өз арызында, ошол эле күнү Бишкек шаарына Миң-Куш көмүр карьеринен "Хово" оор жүк ташуучу унаасы менен бара жатканын жана Тоң районунун "Куака" участогунда автоунаа бузулуп, унаасын калтырып, тетиктерди алууга жөнөп кеткенин билдирген. Ал жок болгон учурда, белгисиз адамдар унаадан темир ширетүүчү жана аккумуляторду заряд кылуучу аппараттарды, болкарканы жана 2 аккумуляторду уурдап кетишкенин маалымдаган.

Жабырлануучунун айтымында уурдалган буюмдардын жалпы баасы 54000 сомду түзгөн.   
Аталган факт Тоӊ РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүизин суутпай кармоого үлгүрүштү. Алар Бишкек шаарынын тургундары 24 жаштагы И.Т., 25 жаштагы Т. У. жана 22 жаштагы С.А. болуп чыгышты жана алдын ала суракта өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Алардын айтымында, "Хонда" унаасы менен бара жатышып, айдоочусу жок токтоп турган оор жүк ташычуу унааны байкашкан. Андан кийин оор жүк ташуучу унаанын салонуна кирип, буюмдарды уурдап кетишкен. 

Шектүү катары кармалышкан жарандар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди жана сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча райондук милициянын убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Последние новости