www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Түркиянын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуудагы ортомчулугун жогору баалай турганын орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков брифингде билдирди, деп маалымдайт РБК.

"Албетте, биз Эрдоган мырзанын күч-аракетин, тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүн, ортомчулук кызмат көрсөтүү аракетин жана эки тараптуу орус-түрк мамилелерин өнүктүрүүгө болгон мамилесин жогору баалайбыз", - деди Песков Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Эрдоганды Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү сунушуна комментарий берип жатып. 

Бердымухамедовдун айтымында, түрк лидери "өз элинин гана эмес, бүткүл мусулман элдеринин бейпилдик жашоосун камсыз кылуу үчүн зор иштерди жасаган" көрүнүктүү инсан жана дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы.

Бердымухамедов бул идеяны биринчи айтып жаткан жок. Өткөн жылдын декабрынын аягында Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп Эрдоганды "Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыкка кошкон салымы үчүн" Нобель сыйлыгына көрсөтүү демилгесин көтөргөнүн жарыялаган. Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто да Эрдогандын талапкерлигин сунуштап, аскердик жаңжал учурунда Орусия менен Украинанын ортосундагы "бирден-бир ийгиликтүү ортомчулук аракетке" таандык экенин белгиледи. Түрк лидеринин макулдашууга жетишүү аракетин Пакистан Сенатынын төрагасы Мухаммад Садык Санжрани да белгилеп, январда түрк президентинин сыйлыкка талапкерлигин расмий каттаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости