www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ президенти Владимир Путин Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин (РСПП) конгрессинде сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикасы жаңы моделге ылайык өнүгө баштаганын айтты. Анын айтымында, өлкөнүн ИДПсынын өсүшү экинчи кварталда эле күтүлүүдө.
Мамлекет башчысы Орусия батыш базарларынын жабылышын компенсациялоого жетишкенин жана жалпысынан Россия Федерациясынын тышкы соода жүгүртүүсү өткөн жылы 8%дан ашык өскөнүн белгиледи. 2022-жылы соода балансынын профицити 332 миллиард долларды түздү.
Президент белгилегендей, Европа өлкөлөрү бардыгын орус экономикасынын кыйроого учурашына ынандырууга аракет кылып жатышат, «ошол эле учурда алардын инфляциясы дагы жогору». Марттын аягына чейин Орусияда инфляция болжол менен 4% болот деп күтүлүүдө, - деди Владимир Путин. Чекене сооданын өсүшү, президенттин айтымында, апрель айында 5%га жетет, ал эмгек рыногунун туруктуулугуна, инфляциянын төмөндөшүнө жана айлык акынын жогорулашына негизделген.
Булак: NazarNews.kg