www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бодо малды, жандыктарды жана жылкыларды дегельминтизациялоо үчүн (паразиттерге каршы дарылоо) каттоодон өтпөгөн, тийиштүү түрдө катталбаган ветеринардык дары-дармектерди узак убакыт бою мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жогоруда аталган өндүрүш техникалык стандарттарды жана шарттарды сактабастан, боёкторду жана жыпар жыттуу заттарды кошуу жолу менен жасалып, тийиштүү сертификаты жана башка уруксат кагаздары жок ветеринардык дарыкана аркылуу сатылган", — деп билдиришти УКМКдан.

Ветеринардык дары-дармекти жана тоют кошумчаларын каттоо, сертификациялоо департаменти текшергенде бул препараттар ветеринардык-санитардык нормаларга, микробиологиялык, химиялык-токсикологиялык коопсуздукка жооп бербей турганы жана сапатсыз экени аныкталган.

"Бул дары-дармектерди пайдалануу малдын жапырт кырылышына алып келет жана республикадагы эпизоотиялык абалга терс таасирин тийгизет", — дешти УКМКдан.

 

Последние новости