www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ченемдүүлүк ден-соолуктун сакчысы, ошондуктан ичкенде, жегенде, кыймылдаганда, а түгүл сүйлөгөндө да этият болуу керек. Айрыкча операда мунун ролу чоң экен…Үнүңүздү жоготуп албаш үчүн дайым формадасызбы?

 – Ченемдүүлүк дегендин айрыкча үндү сактоо боюнча өзүнүн орду бар. Ар бир инсан өз ченемин билген жакшы. Үн - бул назик нерсе, аны багыш керек. Ага бапестеп жакшы карасаң, үн деле сага жакшы кызмат кылат.

Ченеми жок жерде үнгө маани бербесең сөзсүз терс таасирин тийгизет. Үнүмө жараша ыр тандоодо өтө кылдат мамиле жасайм. Эгер ошол ыр көөдөндөгү көкүрөктү чырпып өтсө, демек ал ыр менин ырым. Бирөөнүн көңүлүн карап ыр ырдашым анда табитимди бузушум деп билем.

- Бирөөгө болгон ыраазычылыкты билдирбөө - белекти ороп, аны бербей койгон менен барабар. Устатка ыраазычылыгыңызды кантип билдирет элеңиз?

– Өмүрүмдүн акырына чейин эки устатымдын мага берген таалим-тарбиясын айтып келемин. Мени элдин уулу Керим Турапов кылып, тарбиялап чыккан профессор Муковников жана Асанкан Жумакматов.

Эки устатым тууралуу эскерүү китеп жазып калышым толук мүмкүн. Менин үнүмдү баритон деп жүрүшкөндө, Муковников лирикалык тенор деп таап мени менен күн-түн дебей иштеп, ушул даражага жеткирди. Маэстро деп таанылган Асанкан Жумакматовдун да менин опера ырчы болушума салымы зор.

- Иммануил Канттын «Генийлик - бул тубаса жөндөмдүн белгиси» деген түшүнүгүнөн улам, өнөрдүн да генийи болот. Сиз опера жанрынан кыргыз өнөрүнүн генийи деп кимдин атын атайт элеӊиз…

- Мен кыргыз опера жанрынын генийи деп ачык-айкын СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевди атай алам. Үнүнө  жараша келбети да куп жарашып турчу. Тарыхта бир жаралып келди да, кетти. Бул инсанда улуулук менен генийлик экөө эриш-аркак болуп бирдей жүрөт болчу.

- Сизди ушул даражага жеткирген инсандарга токтоло кетсеңиз…

- Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазычылык. Эгер алардын колдоосу болбогондо мен азыркыдай бийиктикти багындырат белем, аны азыр айтуу кыйын. 

- Сиз кыял менен жашайсызбы же максат мененби… 

- Мен адегенде кыялданам, анан ошол кыялдын ишке ашуусуна жараша алдыга максат коём. Эң башкысы экөөнөн биринчи каалооң керектелет.

- Кесип мүнөзгө карата калыптанабы же мүнөз кесипкеби? 

- Мүнөз - бул тубаса болот. Ал ата менен энеден кошо берилет. Бул мүнөз кургуруң ар кимде бар, ар кыял ал кыялды ким тыяар дегенчелик бар. Адамдын мүнөзүн өзгөртүү мүмкүн эмес. Арамза адамдын мүнөзүн өзгөртүп берем деген акылга сыйбаган нерсе. Түнт, митайым, ач көз, таш боор болуп жаралгандардын мүнөзү ошол бойдон сөөгү менен кошо кетет.

Өжөрлүк мүнөз бу ошол адамдын ийгилигин арттырат. Алыс деп такыр чочуба, акыры бир күн жетесиң агарган ошол чокуга деген жаран элинин макалы так ошол өжөр адамдарга тиешелүү. Өжөрлүккө салып, өзү каалаган - ошол кесиптин ээси болот.

- Атакты сүйүүчүлүк ач ашказан сыяктуу - ал өзүнүн табитинен башка, эч бир мыйзамга баш ийбейт дегенге кошуласызбы?

 – Турмушта калыстык менен жүргөн адамга жаман сөз айтылышы күмөн. Атак-даңк - көрүнбөгөн бийлик. Кезегинде Ч.Айтматов, М.Алыбаев, Б.Сарногоевдердин чыгармаларына не деген сын-айыптоолорду айтышпады дейсиң. Бирок алар мокобой же сынбай, тескерисинче, курчушкан.

Анткени ырыс-көтөрүмдүү болушкан. Себеби мына ошол чыгармаларынын улуулугунда. Жеңил атак-даңк керек болуп туруп алса, жалган улуулук болуп калат. Барга көппөй, жокко чөкпөй жүрүш керек.

-  Деңизди сүйсөк толкундарын кошо сүйүп, учкубуз келсе кулаганды да билишибиз керек, карама-каршы салыштырмалуулук чыгармачылыкта сейрек кездешет эмеспи. Сиз опера жанрында ырдайсыз. Өзүңүздү кандай башка  жанрда ырдап кете алам деп элестетесиз? 

- Рок, поп, реп, джаз стилине шыгым жок. Ага, башта сөз кылгандай, мүнөз дагы төп келиш керекпи дейм. Анан калса, менин үнүмдүн тембри башка жанрга жол бербейт. 

- Биздин бүгүнкү ойлогон оюбуздан, жасаган ишибизден эртеңкибиз кандай болоору аныкталат экен. Сиздин көз-карашыңызды уксак… 

- Бул абдан кыйын нерсе, максат коюп пландаштырган жакшы. Жаратканым бизди бийлик, байлык же бакыт берип сынайт. Адам баласы ошону көтөрө алабы же текеберленип көөп кетеби - маселе башка жакта. Социалдык тармактарда кээде өзүң таң кала турган окуяларга күбө болосуң. Шумдугуң кур! - деп аргасыздан жакаңды карманасың. Бүгүнкү жасаган ишибизден, эртеңкибиз кандай болоорун ойлонсок, жуурканыбызга карап, бутту сунуш шарт. Бардык нерсеге шүгүр деп жашашыбыз керек. 

- Акылыӊ башкалар менен бөлүшсөӊ бөксөрбөйт дейт. Сиз тарбиялаган шакирттериӊиз жөнүндө бөлүшө кетсеӊиз…

- Менин шакиртим менен опера боюнча көп сырдашып сүйлөштүк. Эң оболу дегенде үнү, өң-келбети, баскан-турганы дегеле өзүңдүн көчүрмөң боло турган шакиртти тарбиялаш кыйынга турду. Ошол кыйынчылыктарды жеңип, ырдоо манерасынан баштап, үндүн тембрине чейин аянбай Жеңишбек Ысманов шакиртиме бердим.

Анын мага биринчи келген күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мен анын кемчилигин айтсам, ал туура түшүнөөр деп ойлойм. Мага деле устаттарым азыр тирүү болуп сын-пикир айтса, 100 пайыз кабыл алам, анткени азыр мага алардын кеп-кеңештери жетпей турат.

-  Өнөр адамы атакты сактоодо кандай курмандыкка барат? 

- Ар бир өнөр адамынын көкүрөгү, жүрөгү таза болуш керек. Бул дүйнөдө таза жүрүп, адал эмгек табуу менин жашоомдогу бийик туткан нерсе ушул. Аруулукту, тунуктукту кимдер гана сүйбөйт. Мен ошол ойдун тунугун издейм.

- Азыр биз чөптүн үстүндөбүз, акыр бир күн ошол чөптүн астында калышыбызды унутпасак. Жөнөкөйлүк сиз үчүн… 

- Мен алгачкы күндөрдө эле жөнөкөй болчумун. Карасам, айлана-чөйрө башкача. Жөнөкөй болсоң, сени тебелеп-тепсеп кетет экен. Сүттөй ак болуп, периште боло албайбыз анткени пендебиз да. Бирөөнүн шагын сындырасың, сени да бирөө басмырлайт. “Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол” деген макал бекерден айтылбаган да. Бир жерде кызматта отурсаң, сени кайсы жерден тайып кетээр экен деп, душманың убара. Мен ошол нерсени жон терим менен сездим.

Бир учурлары кызматта отурганда тегерегиңдеги адамдардын мамилеси кызматтан кеткенден кийин 180 градуска бурулат экен. Азыр кайрадан кызматтамын. Баягылар кайра өзгөрүлүштү. Жашоо ошонусу менен кызык экен. Бирок, Керим Турапов деген атымды элим кадырлап-барктап келет. Ошол мага чоң бакыт. Элим бар болсун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости