www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди: Бул тууралуу Азаттык билдирди.
«КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз».
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерген митингде «Жээнбековду бийликке алып келгенине өкүнүп жатканын» айтып, элден кечирим сурады.
КСДП - 2010-жылдан бери бийликте турган, өз катарынан эки президент чыгарган ири партия. Ал 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп былтыр март айында кайра шайланган.
Булак: NazarNews.kg