www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке ат салышып өтпөй калган Ксения Собчак шайлоодо утуп чыккан мамлекет башчы Владимир Путинге өзү саясий туткун деп эсептеген 16 кишинин аты жазылган тизмени тапшырды.

Бул тууралуу анын ишинимдүү өкүлү Марина Литвинович билдиргенин “Медуза” басылмасы кабарлады. Собчак тапшырган тизмеде “26-март ишине” байланыштуу камалгандар Дмитрий Борисов, Станислав Зимовец, Алексей Политиков, Александр Шпаков, оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын "Ив Роше" иши үчүн камалган бир тууганы Олег Навальный, терроризмге айыпталып кармалган украин активисттери Олег Сенцов жана Александр Кольченко, журналист Александр Соколов, Валерий Парфенов жана башкалар бар. Литвиновичтин айтымында, Путин бул тизмени карап чыгууга убада берген.

18-марттагы президенттик шайлоодо азыркы президент Владмир Путин 76,7% добуш менен утуп чыккан.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматына караганда, Путинден кийинки орунда 12,05% менен Коммунисттик партиядан Павел Грудинин турат. Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновскийге шайлоочулардын 5,85%, тележурналист Ксения Собчакка 1,59 пайызы добуш берген. Калган төрт талапкер бир пайызга жетпеген добуш топтогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости