www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаз-жай мезгилинин келиши энергетиктерден энергосистема ашыкча жүктөм менен иштеген кыш мезгилинен кем калбаган эмгекти талап кылат. 

«Северэлектро» ААКда оңдо иш-чаралары башталды...

Чүй, Талас жана Бишкек шаарынын райондук электр тармактарында:

35 кВ чыңалуусундагы 215 чакырымдан ашуун жогорку вольттуу аба чубалгылары,

10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1961 чакырым электр энергия берүүчү чубалгылары;

35/6-10 кВ чыңалуусундагы 40 жогорку вольттуу трансформатордук көмөкчордондору,

10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1242 трансформатордук көмөкчордондору оңдолот. 

Жоготууларды төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Северэлектро» ААК боюнча 0,4-6-10 кВ чыңалуусундагы 1 527 чакырым аба электр чубалгыларынын бойлору тал-теректердин бутактарынан тазаланып, кыркылат;

0,4-6-10 кВ чыңалуусундагы 186 чакырымдан ашуун зымдары өткөрүмдүлүгү чоңуна алмаштырылат;

56 ашыкча жүктөм жана 19 аз жүктөм менен иштеген майлуу трансформаторлор алмаштырылат.

«Северэлектро» ААК боюнча 15 миң эсептөө приборун алмаштыруу мерчемделип,

55 кошумча трансформатордук көмөкчордондор орнотулушу,

35/10-0,4 кВ чыңалуусундагы 48 чакырымга чукул жана 0,4-10 кВ чыңалуусундагы 99 чакырым кабель чубалгыларынын реконструкцияланышы пландаштырылган. Мындан сырткары, өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 437 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо каралган.

«Северэлектро» ААК оңдоо иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан мезгилде керектөөчүлөрдүн электр жарыгы үзгүлтүкө учурашын эске салат. Оңдоо иштеринин графиги жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына алдына ала жиберилет.

Электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматтар бөлүштүрүү компаниянын se.kg расмий сайтында, акционердик коомдун социалдык тармактарындагы баракчаларында www.facebook.com/ОАО-Северэлектро, ok.ru/oao.severelektro, шаардык diesel.elcat.kg  Интернет-форумунда («Организации» рубрикасы → «Северэлектро» → «Новости») жана маалымат агенттиктердин сайттарында жарыяланат.

Мындан сырткары, электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматтарды КТРКнын Биринчи радиосунун (104,1) жана «Марал» радиосунун (88,5) жаңылыктар блогунан кабарланат.

«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы тел. 33-85-97, факс 33-87-38 

 se.kg, [email protected]

Булак: NazarNews.kg

Последние новости