www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баардыгы алланын буйругу менен дегендей сиз экс-президент Атамбаевдин кийлигишүүсү, көпчүлүк элдин колдоосу менен Кыргызстандын бешинчи президенти болдунуз. Буйрусун. Бирок сизди колдогон эл алты жыл Атамбаевдин же анын партиясынын эле президенти бол деп ыйгарым укук берген жок. Сиз бүгүн де-факто, де-юре Атамбаевдин да, түрмөдө жатышкан Д.Чотонов, Б. Асанов, Ө.Текебаев, Т.Калматов ж.б., качып жүрүшкөндөр М.Мырзакматов, Ө.Бабанов ж.б., СДПК партиясынын да жана Республика-Ата-журт, Ата-мекен, Асаба ж.б., партияларынын да, сиздин жеӊишти тааныгандардын да, тааныбагандардын да, сизге добуш берген-бербегендердин да, - деги эле Кыргызстандын жалпы эинин президентисиз. Президент болуу бул жалпы элдин, өлкөнүн жүгүн көтөрүү жооп-керчилигин моюнга алуу. Тилекке каршы мурдагы президенттер эл өлкө үчүн жэке жоопкерчиликти моюнга албай, жеке бийликке жана байлыкка клишкенин гана тарыхка калтырып кетишти.

Сиздин Акаев менен Бакиевдин кетириген тарыхый каталарын кайталоого укугуӊуз жок. Алардын эӊ биринчи башкы саясий катасы-өздөрүн бийликке алып келишкен үзөӊгүлөштөрүн саясий-коомдук күчтөрдү жээрип кеӊеш берсе, чындыкты айтса душмандай көрүп, куугунтуктап алардын ордуна саясий сойку-кошоматчылардан команда курап, чет элдик кеӊешчилерди күтүп, алардын айтуусу, мактоосу менен жеке үй-бүлөлүк партияларды түзүп, ошолор менен өлкөнү башкарышканы болду. Кесепетинде өлкөдө авторитаризмдин жаӊы түрү: үй-бүлөлүк башкаруу режими орноп, мамлекеттик бийлик машинасы бир үйбүлөгө кызмат кылып калган. Аягы эмне менен бүткөнүн эсиӊизге салам. Асти, өз партияӊызды, командаӊызды жаӊыдан түзөм дебеӊиз. Эгерде өз партияӊызды түзсөӊүз ага кимдер мүчө болору деле айдан ачык. Баягылар, акчалуулар, саясий сойку-кошоматчылар эле кирет.

Өзүӊүз туура белгилеп жүргөндөй: Жээнбековдор көп жылдан бери СДПКнын мүчөсү болуп жүрүшүп-элчи, губернатор, министр, премьер-министр, депутат, президент болдуӊар. Жаны партия түзүү ичкен кудугуӊарга түкүргөндөй эле болот.

СДПК партиясы эгемен Кыргызстандын тарыхында: - үч Президентти (Р.Отунбаева, А.Атамбаев, С.Жээнбеков) үч спикерди, төрт Премьер-министрди, ондогон өкмөт мүчөлөрүн, губернатор-акимдерди, мэрлерди чыгарган партия. Жогорку Кеӊеш – 100% партиялык тизме менен шайланган күндөн бери (2007ж.) бардык чакырылышта жеӊишке ээ болуп Парламентте туруктуу фракциясы бар. Бардык саясий-тарыхый окуяларда: Аксы окуясында (2002ж.) март революциясында (2005ж.) апрель революциясында (2010ж.) эл тарабында болгон. Убактылуу Өкмөттүн саясатын улантып, өлкөнүн эӊ жогорку бийлигин өз мезгилинде, тынчтык, шайлоо жолу менен алмашып туруусун камсыз кылды. Кыргызстанда мындай тарыхый ийгиликтерге жетишкен СДПКдай саясий партия жок. Ушундай тарыхый ийгиликтердин жаралышы СДПКнын лидери А.Атамбаевдин жеке эмгеги десек туура болот жана муну моюнга алып айта жүрүү парз.

Урматуу Сооронбай Шарипович, эгерде сиз президент катары өз атымды тарыхта калтырам десеӊиз жаӊы партияны түзүүнү ойлобой СДПКны Атамбаев менен бирге идеялык жактан жаӊылап, ичинен тазалап, катарын жаӊы прогресивдүү жаштар, тажырыйбалуу, туруктуу саясатчылар менен кеӊейтип коомдук пикирлерди эске алуу менен Атамбаев жана андан мурдагы Президенттер бүтүрө албаган иштерди бүтүрүүнүн, каталарын оӊдоонун жолдорун таап, аныктап, жаӊы реформаларга багыт алсаӊыз, тарыхта каласыз.

Сиздин абалдай мисалдар тарыхта көп. Мисалы, СССРдин жол башчысы В.И.Ленинден кийин бийлике келген И.Сталин ошол эле Лениндин жана Компартиянын аты менен адамзатында мурда болбогон социалистик системаны дүйнө жүзүнө орнотуп, СССРди соко абалынан атомдук державага айланткан. Совет элин түзүүчү жана жогорудагы реформа эмгектери менен СССРдежашаган бардык элдердин атасы аталып тарыхта Ленинден да жогору бааланып аты калды.

Россиянын биринчи президенти Б.Ельциндин мураскору В.Путин ошол эле Б.Ельцин түзгөн партия менен Ельциндин убагында батыштан келген либералдык-демократия менен ууланып чачылып бараткан Россияны кайра бириктирип, партияны ичинен тазалап, жаӊылап, бизнес менен саясатты бөлүп Россиянын элине, экономикасына, саясатына орустун өзүнүн демократиясын, духун, тартибин кайра берип Россияны кыйроодон сактап, улуттук туура жолго салды десек жаӊылбайбыз. Буга Б.Ельцин өзү да ыразы болгон.

Өзбекстандын жаӊы президенти Ш.Мирзаев И.Каримовдун мураскору катары бийлике келгени менен, Каримовдун мезгилинде кетирилген кемчиликтерди оӊдоп, жаӊы багыттарды белгилеп, элдин ишеничине кирүүдө. Башкасын айтпасак да Каримовдун мезгилинде түзүлгөн коӊшу өлкөлөр менен түзүлгөн кырдаалды жеӊилдетип,  жаӊы алака түзүүнүн өзү эмне деген эрдик.

Сизде деле Атамбаевдин мураскору катары өзүӊүздүн жаӊы идеялар, кадамдар менен СДПКнын толук ишенимин, колдоосун алып жалпы элдин Президентине айланууга моралдык, саясий укуктук жактан толук мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Буга СДПКнын атамандары Мискенбаев менен Карамушкиналар каршы болбосо керек. Сиз өз саясатыӊызды, бийлигиӊизди, тайсалдабай, чечкиндүү баштасаӊыз, азырынча бийлик кумарынан кете албай турган Атамбаев өзүнүн Кулматов, Сегизбаев, Жолдубаева, Исраиловко окшогон мурдагы кошелог, жансакчы, жардамчы, катчы, шоферлорун ээрчитип ардактуу эс алууга аргасыз болот. Эгерде Атамбаев бийликтен колу-бутун Б.Ельцинге окшоп, биротоло тартып сизге толук кандуу иштешиӊизге мүмкүнчүлүк берсе, кыргыз эли да орустар Б.Ельцинди кечиргендей Атамбаевди кетирген кемчиликтер үчүн кечирет. Кеп- Атамбаев, Ельцин, ал эми Жээнбеков Путин боло алабы- ошондо.

Азимбек Бекназаров, саясатчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости