www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

Мекеменин маалыматында Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен бирге текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында “мамлекеттик салык жана бажы тармагында жооптуу кызматтарды ээлеген адамдардын жеке коммерциялык структуралардын жетекчилери менен туруктуу коррупциялык байланышы” аныкталганы айтылат.

Тагыраак айтканда, Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия 2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган деп шектелүүдө. Бул аралыкта мамлекетке 847 миллион сомдук зыян келтирилген.

Козголгон кылмыш иштери иликтөө жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости