www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчиден – КТРК бир нече теле-радио каналдарын камтыган өлкөбүздөгү зор маалыматтык күч. Саясатчылар үчүн андан өткөн күчтүү «колонка» жок.

Экинчиден – Материалдык базасы бекем, коомдук деп аталганы менен казынадан да чоң каражат бөлүнүп турган мекеме. Демек, «Май көл, сүт көл» ишкана.

Акыркы кездерде «Ата Мекен» партиясы келерки жылда боло турган парламенттик шайлоого карата жер пайын түптөй баштагандай. Садык Шердин «Айтыш» фондунда такшалган, маданият министрлигине да анын көмөгү менен креслого олтурган  Фархат Бекманбетовду, «балапан чыкма» министр А. Жамангулов токтом токуп, Кыргыз циркинин жамаатынын жоон тобунун нааразылыгына карабай жетекчиликке беките салды. Бекманбетов циркти оңоймун, имаратты «ремонттоп» жаңыртам деп белсенип турган чагы. Эгерде КТРКга Шайырбек Абдырахман уулу жетекчи болуп шайлана турган болсо, анда атамекенчилердин дагы бир планы ийгиликтүү ишке ашты дей бериңиз. Маданият тармагы да кийинки кезде саясатчылардын материалдык-каражаттык базасына айланып келе жаткандыгы жашыруун эмес!

Кептин маңызы КТРКга Шайырбектин же Толгонайдын жетекчи болуп баруусунда эмес, өлкөдөгү дөө-шаа болгон партиялардын, саясий топтордун ортосунда болуп жатат. Атамекенчилердин позициясын бекемдей баштагандыгы тууралуу учкай айтып өттүк. Ал эми КСДП партиясынын абалы эки анжы болуп турат. Бирок, булардын саясий штабы да тынч жатпасы белгилүү. Маанилүү кызматты колдон чыгарбоо максатында күтүүсүз чараларды жасап жибериши мүмкүн. Андай учурларда КТРКга президенттин көздөй болгон маалымат катчысы эмес, Атыргүлдөй болгон «тылда жаткан» кызматкерлер барып калышы ыктымал.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости