www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кыргыз элим!

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм! Мекенибиз көз карандысыздыкка ээ болгонуна 28 жыл толуп олтурат. Тарыхка кайрылсак ата-бабаларыбыз кан-жанын аябастан эл-жерибизди коргоп келишкен. Бул убакыт ичинде өлкөбүз ар кандай оор кырдаалды башынан кечирди. Андан бери кандай гана окуялар болбосун кыргыз эли сабырдуулугу жана кайраттуулугу менен алдыга умтулуп келет. Эң негизги биздин байлыгыбыз бул эл-жерибиз. Ошондуктан элибиз ынтымактуу болуп, өлкөбүздүн мына ушул эркиндигин көздүн карегиндей сактап, келечек муунга татыктуу өткөрүп беришибиз керек.

Ошондой эле чет жакта жүргөн мекендештерибизди дагы баса белгилеп, куттуктагым келет. Кайсыл жерде болбосун патриот, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган жарандарыбыз көп. Баардык кыргыз элиме бекем ден- соолук, ынтымак, бакубат жашоо каалайм! Кыргызстандын жаркын келечегин бирге орнотолу! Майрамыңыздар менен урматтуу Кыргызстандыктар!

Урматым менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости