www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Кубанычбек Исабеков 2010-жылы болгон Апрель жана Июнь окуялары боюнча NazarNews маалымат агенттигине маек берди. 

“7-апрель Кыргызстандын тарыхындагы оор күндөрдүн бири болуп калды. Тилекке каршы ал күнү 80ден ашык адам мерт кетти, көптөгөн үй-бүлөлөр багуусуз калды, ата-энелеринен, балдарынан ажырады. Ошол эле Ош, Жалал-Абаддагы июнь окуясы тууралуу баса белгилегим келип турат. Ал жерде дагы 500 гө жакын киши мерт кетти, 10 миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Дайынсыз жоголду деген адамдар, чындыгын айтканда каза болуп калды.

Кыргыз эли башынан көп жаманчылыктарды өткөргөн. Биз тарыхыбызды билишибиз керек. Апрель менен июн окуясын кайдан келип чыкканын, ким уюштурганын изилдеп чыгуу үчүн коомдук комиссия түзүү керек. Мисалы, мен сырткы жана ички күчтөр биригип уюштурганын жакшы билем. 7-апрель боюнча сотко дагы катышкам. 
Революциядан кийин эч ким шайлабаган, эч ким бекитпеген, кан менен келген “самопальный” убактылуу өкмөт түзүштү. Апрель окуясында каза болгон атуулдарыбызды “Ата-Бейитке” коюп жатканда берилген убадалары аткарылган жок. Эң кызыгы курман болду деп “Ата-Бейитке” коюлгандардын арасынан бирөөсү тирүү жана ал учурда Орусияда иштеп жүрөт. Ал тирүү болсо, аты жөнү көрсөтүлгөн жерде ким коюлган, ал жерде эч ким жокпу деген суроо туулат. Ошол тирүү адамга бөлүнгөн батир менен 1 миллион сомун ким жеп койду? 

Убактылуу өкмөт убадаларды аткармак тургай, банктын ячейкаларын алтынын алтындай, долларын доллардай, сомун сомундай убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү талап тоношту. Ич ара бийлик талашып, Роза Исаковна абалды нейтрализация кылбаса, ошол 14 адам бири-бирин тытышып, атышканга чейин барат беле, ким билет? Эң негизгиси алардын көпчүлүгү жумуштан алынган, ошон үчүн каршы чыгып, революцияны башташкан. Болбосо, убагында Алмазбек Атамбаев Курманбек Бакиевдин колунан “Данакер” орденин алып жатканда “билбей жүрүптүрмүн, акылдуу киши экенсиз” деген. Ошол эле Исмаил Исаков убагында Курманбек Салиевичтин туулган күнүн уюштуруп, ак үйдө тамада болуп жүргөн. Эми алар жумуштан кеткенден кийин кемчиликтерди издеп, оппозиция болуп чыга калышты.  

2005-жылы Акаев менен Танаев качып кеткенде ошол учурдагы Жогорку Кеңеш өзүнүн мөнөтүн өзү узартып жатканда жаңы шайлоо менен келген депутаттар, ошол эле Отунбаева, Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаковдор “мындан өткөн татыктуу адам жок, бекитип бергиле” деп Курманбек Бакиевди алып келишкен. Андан кийин эле каршы чыгып калышты. Жоопкерчилик ошол алып келген кишилерде дагы болуш керек. Акаев качып кеткенде киши өлгөн эмес беле, генерал Чотбаевди, Жанузаковду, мамлекетке берилип кызмат кылгандарды кандай сабап, ак үйдү талап тоношподу беле. Июнь окуясында “үй салып беребиз” деп миллиарддаган акчаларды алышкан. Ошто курган үйлөрү жарылып, урап, азыр киши жашабайт. Убактылуу өкмөт бийлик талашып, бюджеттеги акчаны бөлүп алышкан, кайра толтуруп да беришкен жок. Канча киши мародерлук кылды, жөнөкөй бизнесмендер азыркыга чейин качып жүрүшөт. Бүт дуйнөгө уят болгонбуз, эми ошол күндү майрам кылып жатабыз. 

7-апрель күнү майрам эмес, кара күндөрдүн бири. Андай болсо, 2005-жылдын Март революция күнүн, Кой-Таштагы Атамбаевди куралдуу күч менен колго түшүрүп, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин бекемдеген күнү дагы майрам кылыш керекпи? Анда дагы киши өлүп, көптөгөн адамдар жаракат алган. Ар Бир бийликке келген жетекчи кан төгүү менен келсе дагы майрам кыла бергени туурабы? Рахмат, азыркы президентибиз Садыр Нуркожоевичке октябрь 2021-жылды майрам же эскерүү күнү кылган жок. 
Азыркы бийликтен, Жогорку Кеңештен суранат элем ушул 7-апрелди иш күн кылыш керек. Мен апрель менен июнь окуясын иликтей турган коомдук комиссия түзүүгө чакырат элем. 7-апрель баатырлары деп дагы бир тобу алданды.

Бизде мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам бар, ал жерде 7-апрель баатырлары деген жок. Төштөрүнө “значок” тагып койду, бул алдоо. Ал жерде жарадар болгондор менен катар морадерлук кылгандар дагы бар. Алар “баатырбыз” деп жүрүшөт. Бизде мындай баатырлар тарыхыбызда болгон эмес. Аларды колдонуп кетишти, азыр аларды эч ким эстебейт. Ким карапайым балдарды салып берип туруп, бийликке келгенин баары билиши керек.

Кыргыз эли тарыхка бай эл. Калкыбыздын саны 7 миллион болсо дагы коңшу чоң мамлекеттерден кем эмеспиз. Келечегибизди ойлосок, ар бирибиз мамлекетке өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарчу маал эчак эле келген",-деди Кубанычбек Исабеков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости