www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз  Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин колдоосу алдында Ветеринардык  палата  менен Республикалык мал дарыгерлер коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштарынын алкагында, Кыргызстандан 4 жаш ветеринардык адис Польша жана Япония өлкөлөрүнө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз Республикасынын  Ветеринардык палата” мекемесинин директору Кубатбек Маматкулов билдирди.

--Жеке ветеринардык адистер Саалаев Талант жана Төлөмүшөв Сыргак Польша мамлекетинин Горжув Новопольский шаарында жайгашкан Даниел Фигелдин ветеринардык клиникасында эки жумалык практикалык тажрыйба өркүндөтүү курсунан өтүү максатында 15-мартта жөнөп кетишти.

Ал эми жаш ветеринардык врачтар Даяана Алымбаева жана Айтакин Камарли 31-март күнү Япон мамлекетинде бир жылдык окуу курсуна жөнөө алдында турушат. Аталган окуу курстарынын негизги максаты, эл аралык кызматташуунун бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана ал жактан ээ болгон билим тажрыйбаны Кыргызстанда ветеринардык адистер арасында жайылтууга, ошондой эле эл аралык кесиптик мамилелерди бекемдөөгө багытталган, деди Кубатбек Маматкулов.

Жаш адистерди Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, ветеринария илимдеринин доктору Жаныбек Керималиев кабыл алып, ак жол каалап узаткандыгын кошумчалап жаш адистерге ийгилик каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости