www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубаныч Кулматовдун  коррупциялык схеманы каяктан үйрөнгөнү белгисиз, ким бийликке келсе оң колу катары мурунку бийликтерде Бажыны мыкчып турган. Убактылуу өкмөт келгенде ушул кызмат үчүн жакалаша кетишип, акыры Атамбаев Бекназаровдун үстүнөн үстөмдүк кылып, күчкө салып Кулматовду койгон. Кулкуну чоң Кулматов Бажыдагы коррупциялык схеманы жаңы бийликке бурганы үчүн жакканын элдин бары эле билет. Ошол мезгилде  Сариев, Кулматовдор сотка менен миллиондорду согуп турганы белгилүү. «Тоок уурдасаң камакка, миллиард сорсоң тамакка»... Бизнестин битин сыккан Кулматовдун жубайы Араб өлкөлөрүнөн сотканын “запчасттарын” сатып келип, быяктан кураштырып сатып, ортодо бекер миллиондорго эгедер болуп турган. “Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса”-дегендей, күйөөсү Бажыны жетектеп турса, аялы мыйзамсыз товар ташып келип турбаганда эмне кылат эле? Азыркы мезгилде Москвадагы Кулматов үчүн  уулу Кубаныч, айдаган жакка чуркаган, кыргызча “Төө десе,бээ деген”, кыргыз тилинен маңкурт адам эле. Аны өз элиңдикин жебе деп мурун эле үйрөтсө болмок. Кулматов Кубаныч былыгы билинип калган соң камалган, бирок атасы Кулматовдун кийлигишүүсү менен мурунку бийлик учурунда таптаза болуп чыкты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости