www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам баласы көп учурда күлүп жүрөбү же капалуубу? Эгер дайыма күлүп жүрө турган болсо, эмнеге күлөбүз? Көпчүлүк күлкүлүү болгон үчүнбү? Эң эле оңой, бирок жообу татаал суроо... Демек, күлгөндүн себебин билсек, адам табиятына байланышкан негизги проблемаларды дагы билген болобуз.
Көпчүлүк күлкүлүү болгон үчүн күлөбүз деп ойлойт. Ошентсе да, күлүп жаткан адамды карап андай эмес деген ойго келесиз. Күлкү боюнча адис Роберт Провин соода борбору, мектеп, офис жана кече сыяктуу түрдүү чөйрөлөрдөн бир нече сааттык сүйлөшүүлөрдү жаздырып алып, анын натыйжасында күлкү амашанын жыйынтыгы эмес экендигин байкаган. Адамдар катардагы сүйлөшүүлөргө, эч кандай күлкүлүү болбогон жоопторго, “Кара, ким келатат?, чын элеби?” деген сыяктуу суроолорго дагы күлө алышат.
Мээнин күлкү башкаруучу аймагы – субкортекстин ичи болуп саналат. Бул бөлүк дем алуу, негизги рефлекстерди башкаруу сыяктуу милдеттерге жооптуу. Башкача айтканда, күлүүнү башкарган механизмдер тил жана эс сыяктуу бөлүктөрдөн алыс жайгашкан.
Ыңгайы келбеген учурда күлкүнү басуу ушул себептен улам кыйын болушу мүмкүн. Анткени күлүү сигналы берилгенде, жогорку функциядагы аймактар аны башкара албай калат. Эми тескерисин карап көрөлү, күлүүнү атайылап аткаруу мүмкүн эмес. Жасалма күлгөн мезгилде анын чыныгы эмес экендиги дароо билинип калат.
Күлкүнүн дагы бир маанилүү тарабы, күлүп жатканда чыгарган үнүбүз. Эч нерсе укпаган дүлөйлөр да бирдей үн чыгарышат. Бул үндөр, сүйлөшүүнүн акустикалык өзгөчөлүктөрүн алып жүрөт. Мээнин күлкүгө жооптуу бөлүгүн аныктап, ал аймакка сигнал берүү аркылуу күлүү ишин аткарсак дагы, адамды эмне күлдүрүп жатканын дагы деле биле элекпиз. Күлкүнүн таасирин билебиз, бирок себебин биле албай келебиз.
Жалпылап алынган маалыматтарда күлүүнүн негизги социалдык артыкчылыгы – жугуштуу экендигинде деп белгилешкен. Күлүп жаткан адамды тыңшоо күлкүлүү. Ал эми күлкүлүү учурда олуттуулукту сактоо кыйын. Жыйынтыктап айтканда, күлүү толугу менен социалдык кубулуш. Мээдеги тамырдуу бөлүк, айрыкча орду бар. Мээ ошондой сигнал берип, бизге жаккандыгы үчүн, кээде коомдук жактан ыңгай көрсөтүү үчүн дагы күлөбүз. Бардыгы туура. Ошентсе да биологдор бир кыймылды түшүндүрүүдө эмнеден улам? Кантип келип чыкты? Кандай өзгөрдү? Кантип иштейт? деген сыяктуу төрттөн кем өмес суроого жооп издешет эмеспи. Берген маалыматыбыз аркылуу биринчи жана төртүнчү суроого жооп тапкан болдук. Күлкүнүн социалдык байланыштын натыйжасы катары келип чыгып, мээнин эң эски бөлүгү тарабынан көзөмөлгө алынганын байкадык.
Булак: NazarNews.kg