www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрдын аягында Кыргызстанда гриппке каршы эмдөө башталат

Күз-кыштагы эпидемиялык мезгилге даярдык көрүү максатында Кыргызстанда тендер өткөрүлүп, тумоого каршы 135 миңден ашуун вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Мындан тышкары, тобокелдик топтору үчүн дагы 700 миң доза гриппке каршы вакцина алуу үчүн кошумча өтүнмө даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Буга чейин премьер-министр Кубатбек Боронов гриппке каршы дарыларга буюртма берилгенин, күзүндө дарылоо иштери башталарын айткан.

"COVID-19 менен катар башка вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тобокелдик тобун аныктап, гриппке жана пневмококко каршы вакциналарга болгон муктаждыкты эсептеп чыкты", — деп айтылат маалыматта.

Грипп менен ооругандар суукта көбөйүп, мындай көрүнүш март айына чейин созулат. Буга грипп вирусунун суукка туруктуулугу жана гипотермия учурунда адам организминин коргонуу деңгээли төмөн болушу өбөлгө түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости