www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Милициянын кайгуул күзөт кызматы адашып кеткен кызды таап, ата-энесине кайтарып берди. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдирди.

Билдирүүгө караганда, кечээ, 19-августта, саат 22:30 чамасында Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери көчөдө жумуш учурунда Ахунбаев көчөсүндө адашып кеткен жана үйүнө бара албай жаткан, болжол менен 7 жашар кызды тапты.

“Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тез арада зарыл болгон текшерүү иш-чараларын жүргүзүштү, анын жүрүшүндө 2013-жылы туулган кыздын өздүгү жана жашаган жери аныкталды. Андан кийин, милиция кызматкерлери жашы жете элек Айымды ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришти, алар менен келечекте баланын жоголушу сыяктуу фактылардын алдын алуу боюнча профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү”, – деп билдирет милиция.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости