www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарынын тургуну бир нече манжаларынан айрылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Заводская көчөсүнүн 2001-жылы туулган тургуну электр "мясорубкада" (эт туурагыч) тыгылып калган колун сууруп алууну өтүндү. Окуя болгон жерге №23 отрядынын куткаруучулары барышкан.

Күбөлөрдүн айтымында, коопсуздук нормаларын сактабагандыктан, жигиттин колу эт менен бирге мясорубкага тартылган.

“Техника кандай болбосун, коопсуздук чараларын сактоо керек. Бул жигит этти атайын шайман менен эмес, колу менен жылдырган. Келген куткаруучулар мясорубканы артка айландырып, колун чыгарып алышкан. Жигит манжаларынан айрылды. Ал ооруканага жеткирилген”, – дешти алар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости