www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куудул Күмөндөр Абылов кыргыз элине кайрылуу жасады:

“Урматтуу Мекендештер! Кыргызда: “Кулак укса курсак кайнайт” – деген, таамай айтылган кеп бар! Болбосо, 4-октябрдагы шайлоого чейин, менин Жээнбековго жакшы пикир айткан үч жыл мурунку видеомду ФБга коюп алышып, бир топтору каргап-шилешкенинен, унчукпас болдум эле. Ал эми азыркы айта турган пикиримди, менсиз да айтып жатышат. Ошентсе да, сөз жебестерге мен да айткым келди. Баарынан да, каныңды кайнатып, жаныңды кашайткан сөз жебестер, отуз жылдан бери элди ушул акыбалга алып келгендер болуп жатат, тилекке каршы!

– Эй, жегичтер! Сөз жебестер! Силер карапайым элди ушунчалык кем акыл ойлоп, мынчалык кордобосоңор болмок! Жок дегенде азыр, алдайм деп, аракет кылбай, күнөөңөрдү мойнуңарга алсаңар боло, Кудайдан коркуп… Силер сүйлөгөн сайын, элдин кыжыры кандай келип жатканын билип жатасыңарбы? Андан көрө, ичкен-жегениңерди эртелеп казынага төгүп, күнөөңөрдү жеңилдете бергиле! Садыр Жараров бийликке келсе, эмне күн көрөөрүңөрдү билип, жан айласы кылып жатасыңар… Уйкуңар качып, жаман түш көрүп, албарсты басып, тамакка табитиңер тартпай жатабы? Ооба, ошентип атасыңар! Элдин убалы оңой дейсиңерби? Акыйкаттыкка да кезек келээрин ойлоп койсоңор болмок… Эми, өз убалыңар, өзүңөргө!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости