www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын соода министри Бахыт Султанов 23-июнда өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тыштан келген канттын баасы өсө берерин айтты.

"Импорттон көз каранды азык-түлүктүн көбү, маселен, канттын баасы, кааласак да, каалабасак да өсө берет. Анткени дүйнөлүк биржада баа жогорулап жатат, негизги өнүм өндүргөн өлкөлөрдүн корундагы канттын баасы да кымбаттоодо. Биз кумшекер алган өлкөлөрдүн бири болгон Орусия чектөө киргизди, албетте, бул да өз таасирин тийгизет. Дүйнө жүзүндө логистика чыгымы көбөйүүдө, доллар көтөрүлүүдө, евро көтөрүлүүдө", - деди министр Султанов.

Соода министрлигинин маалыматына караганда, Казакстан башка мамлекеттерден – Бразилия, Индия жана Вьетнамдан 100 миң тонна кумшекер сураган, ушул тапта өлкөдө 350 миң тонна кант бар.

Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам Казакстанда кумшекер баасы кыйла жогорулады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости