www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Иркутск облусундагы ооруканада 49 жаштагы кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Аталган жаран 17-майда Бодайбо шаарындагы «Артел Проспекторс Витим» тоо кен ишканасына иштөө максатында келген.

Бир айдан кийин, тагыраагы 17-июнда ден соолугу кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Перевоз айылындагы медициналык мекемеге жаткырылып, 22-июнда ал каза болгон.

Маркумдун сөөгү Бодайбо шаарынын өлүкканасына өткөрүлүп берилген. Ал жерде өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Кыргызстандын Иркутск шаарындагы элчилигинин кеңсеси маркумдун жакындары, ошондой эле «Artel Prospectors Vitim» компаниясынын өкүлдөрү менен байланыш түздү. Азыр жакындарына жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө керектүү жардамдар берилип жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости