www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-декабрда Жогорку сот Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча соттун буга чейинки эки инстанциясынын өкүмүн жокко чыгарды. Издөөдө жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу кылмыш иштерин кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди. 

Алмазбек Атамбаевдин жана анын командасына байланыштуу мындай айыптоолорду Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий куугунтугу катары баалап келишкен. Эми алардын иши жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароого жиберилип жатышында да саясий өңүттөр жок эмес дегендер болууда.

КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" берген интервьюсунда азыркы бийлик Атамбаевден кооптонуп турат дейт.

"ЖЭБ, Кой-Таш окуясы, ипподром, музей боюнча иштерде саясий өңүт бар экенин билип эле келгенбиз. Ошондуктан тергөө да мыйзам бузуу менен жүргөн. Ал эми азыркы бийликтин бул кадамын мурунку бийлик менен байланыштырбоо максатында болуп жатат деп эсептейм. "Сооронбай Жээнбеков башка, Садыр Жапаров башка" деген мааниде болуп жатат. Эми саясий соодалашуу орун алышы мүмкүн. Атамбаев чоң саясий фигура. Ал оппозициялык күч. Азыркы бийлик Атамбаевден кооптонуп турат".

Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан жана мамлекетке келтирилген 247 650 281 сомду төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан тышкары  Сапар Исаков Бишкек ЖЭБ оңдоо ишине байланыштуу 15 жылга кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости