www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды.
Ал жубайы Назгүл Төлөмүшованын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.
«Урматтуу мекендештерим, оор күнүмдө кайрат айтып колдоп турган кыргыз элим, дүйнөнүн ар тарабынан мага чалып, социалдык тармактардан жазып, көңүл айтып жаткан боордошторум! Эң оболу мен сиздерге чын дилимден ыраазычылык билдирип, рахматымды айтамын.
Башыма кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым. Дагы бир жолу баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Силерди урматтап, Бакиев Курманбек Салиевич», — деп жазган ал.
Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы, 47 жаштагы Назгүл Төлөмүшова Минск шаарында оорудан улам каза болгону кабарланган. Маркумдун сөөгү 17-январда учак менен Кыргызстанга жеткирилген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 18-январда өтөрү, сөөгү өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилери айтылган.
Булак: NazarNews.kg